Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Талант Мамытов ТИМ башчысы Руслан Казакбаевди кабыл алды
17.11.2020 | 16:23
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүү жаатындагы иштер боюнча маалымат берген.
Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом