Москвада 5-кабаттан кулаган кыргыз кыздын абалы оор. Операцияга акча чогултулууда

Москвада 5-кабаттан кулаган кыргыз кыздын абалы оор. Операцияга акча чогултулууда

Буга чейин социалдык тармактарда Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулагандыгы тууралуу маалымат тарап жаткан. 

Ал маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктап, көп кабаттуу үйдөн кулаган кыздын оор абалда ооруканада жатканын кабарлады.

16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барып, анын жүрүшүндө жаракат алган кыз кыргыз жараны экендиги тастыкталган.

Ал Баткен облусунда туулган, 17 жаштагы Ж.Т. аттуу кыз экени, ал жакта апасы менен жашаары, Москва районунун Дедовск шаарында окуй тургандыгы белгилүү болгон. 

Юристке кыз кокустан терезеден кулап кеткенин айтышкан.

Жабыркаган кыздын учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппарат менен жатат.

Дарыгерлер кыздын абалы өтө оор экенин айтышкан. Анын жүрөгү, өпкөсү жабыркап, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөгү сынган, ошондой эле баш мээси чайкалган.

“Ага операция талап кылынат. Учурда мекендештердин аракети менен операцияга каражат чогултулуп жатат. Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>