Баткенде Чек ара, Бажы жана ветеринария кызматтарынын кызматкерлери кармалды – булактарБишкек мэриясы борбордогу имараттардын жаңыланган фасаддарын көрсөттү — сүрөтКыргызстандын нефтетрейдерлери чет өлкөдөн КММ жеткирүүчү жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышатБишкек мэриясы «Арзы Девелопмент» курулуш компаниясына 100 миң сом айып пул салдыБаткен облусунда браконьер мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн 62 миң сом айыпка жыгылдыКыргызстан боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы башталды
Талант Мамытов ТИМ башчысы Руслан Казакбаевди кабыл алды
17.11.2020 | 16:23
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүү жаатындагы иштер боюнча маалымат берген.
Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом