Таласта милиционердин аялын сабап өлтүргөн видеосу

18.08.2022 | 15:25

Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. Бул тууралуу блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, окуя 8 ай мурун болгон. Учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатат.

“Мага мындай кат келди: 2021 – жылы 29 – декабрда Талас шаарында МАИ кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. 8 айдан бери акыйкаттыкка жете албай жатышат. Бул видеодо аялын сабап жатып , өлтүрүп алганы көрүнүп турат”,  – деп жазган ал.

Ал эми Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан кишинин иши шаардык сотто каралууда жана кийинки соттук отурум ушул жылдын 22-августуна жылдырылган.

Маалым болгондой, аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна ушул жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 29-июнда кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр келбегендигине байланыштуу отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган.

«2022-жылдын 16-августунда кылмыш иштин кароосу улантылган учурда айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган жана ал сот тарабынан канаттандырылып, иштин кароосу ушул жылдын 22-августуна жылдырылган. Мындан тышкары, аталган кылмыш 2021-жылдын 29-декабрь айында болгонун жана кылмыш иши 2022-жылдын 18-майында соттун кароосуна түшкөнгө чейин тергөө органында болгонун эскертип кетмекчибиз», – деп айтылат маалыматта.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter_kyrgyz)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top