Таласта милиционердин аялын сабап өлтүргөн видеосу

Таласта милиционердин аялын сабап өлтүргөн видеосу

Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. Бул тууралуу блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, окуя 8 ай мурун болгон. Учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатат.

“Мага мындай кат келди: 2021 — жылы 29 — декабрда Талас шаарында МАИ кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. 8 айдан бери акыйкаттыкка жете албай жатышат. Бул видеодо аялын сабап жатып , өлтүрүп алганы көрүнүп турат”,  — деп жазган ал.

Ал эми Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан кишинин иши шаардык сотто каралууда жана кийинки соттук отурум ушул жылдын 22-августуна жылдырылган.

Маалым болгондой, аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна ушул жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 29-июнда кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр келбегендигине байланыштуу отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган.

«2022-жылдын 16-августунда кылмыш иштин кароосу улантылган учурда айыпталуучунун жактоочусу А.Дүйшөналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган жана ал сот тарабынан канаттандырылып, иштин кароосу ушул жылдын 22-августуна жылдырылган. Мындан тышкары, аталган кылмыш 2021-жылдын 29-декабрь айында болгонун жана кылмыш иши 2022-жылдын 18-майында соттун кароосуна түшкөнгө чейин тергөө органында болгонун эскертип кетмекчибиз», — деп айтылат маалыматта.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter_kyrgyz)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>