Жайлоодогу адамды курал менен коркутуп, тоноп кеткендер кармалды

Жайлоодогу адамды курал менен коркутуп, тоноп кеткендер кармалды

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ушул жылы 16-августта Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда белгисиз эркек киши менен кыз ок атуучу курал менен коркутушуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана өзүнө таандык болгон жарандык паспортун тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендерин билдирген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде («Каракчылык») көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бети ачылбай жаткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү делип 1987-жылы туулган Д.А. жана 2001-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалып, РИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Белгиленгендей, 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан аталган ок атуучу курал алынып, тергөө уланып жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>