27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалууда
Талас жана Оштун студенттери Улуу Британияга сезондук ишке жөнөтүлөт
22.11.2024 | 09:57
Таластын жана Оштун студенттери жайкысын Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык HOPS Labor Solutions Ltd оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ага ылайык эки окуу жайдын студенттери 2025-жылы жайында Улуу Британияга акы төлөнүүчү айыл чарба жумуштарына иштөөгө бара алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом