Түрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке какты
Талас жана Оштун студенттери Улуу Британияга сезондук ишке жөнөтүлөт
22.11.2024 | 09:57
Таластын жана Оштун студенттери жайкысын Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык HOPS Labor Solutions Ltd оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ага ылайык эки окуу жайдын студенттери 2025-жылы жайында Улуу Британияга акы төлөнүүчү айыл чарба жумуштарына иштөөгө бара алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом