Таласта 33 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Таласта 33 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Талас обулсунда 33 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында  Манас районунун Талас айылындагы жолдун түндүк тарабынан 59 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин негизинде, бул кылмышка 33 жаштагы адамдын катыштыгы бар экени аныкталган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө сабында кандын издери бар ашкана бычагы жана шектүүнүн кан болгон кийимдери табылган.

Бул факты боюнча Жазык Кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>