Таласта 41 топоз уурдоого шектелип үч адам кармалды

05.11.2025 | 10:21

Талас облусунда 41 топозду уурдоого шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Талас районунун тургуну 14-октябрында Кара-Кол жайлоосунан өзүнө таандык 41 топоз жоголгонун айтып, милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Мал уурдоо» — боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашкан: арыз ээсинин 42 жаштагы айылдашы, ошондой эле анын шериктери — Талас шаарынын 43 жаштагы тургуну жана Ош облусунун Ноокат районунда жашаган 45 жаштагы тургун.

Scroll to Top