Таласта 59 жаштагы кишинин өлүмүнө айылдашы шектелүүдө

Таласта 59 жаштагы кишинин өлүмүнө айылдашы шектелүүдө

Манас РИИБнин кызматкерлери кылмыштын бетин ачышып, адам өлтүрүүгө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Манас районунун Талас айылында көчөлөрдүн биринен 1961-жылы туулган Д.И.нын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси менен катталып, сотко чейинки процесстер башталган.

Кылмышка шектүү ушул эле айылдын 1987-жылы туулган тургуну И.Ж. Ал жашаган үй тинтүүгө алынган. Коридордогу столдон кан издери бар бычак, ошондой эле үйдүн ээси И.Ж.га таандык сырткы кийимдер, кандын издери табылган.

Шектүү Кара-Бууру РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>