Таласта эки ишкер 85 млн сомго бетон заводун курду

Таласта эки ишкер 85 млн сомго бетон заводун курду

Бүгүн, 26-июлда Талас облусунун Покровка айылында бетон заводунун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана жеке ишкерлер Азамат Айтбеков жана Жолдошбек Жуманалиевдер тарабынан салынган. Анын курулушуна 85 млн сом сарпталган. Завод үчүн жергиликтүү бийлик 2 гектар жер бөлүп берген. Эми ал жакта 30 киши иштейт. Ишкана бетон мамычаларын, шакекчелерди, бетон арыктарды жана башка продукцияларды чыгарат.

Заводдун ачылышына облус башчысы Нурдан Дарданов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>