БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Таласта энергетиктер көзү өтүп кеткен жарандын карызын кечпей жатат
01.12.2023 | 09:42
Таласта энергетиктер жарандардын электр жарыгына акыны төлөгөндүгүнө карабай карызын жойбой жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Талас облусунда эл менен жолугушуусунда айтылды.
Анда жергиликтүү тургун карыз эсептери жокко чыгарылбай жатканына даттанды. Анын айтымында, каза болгон жаранга дагы электр энергиясы үчүн эсеп чыгарып берип жатышат.
“Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Өлгөн адам кантип электрдин карызын төлөмөк эле? Карызы калганы аз келгенсип, туумдар да кошулуп жатат”, – деди ал.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом