Кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышуудаКыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көпКайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталуудаГапар Айтиев атындагы музейде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү ачылатЭлектро чокусу Амир чокусу деп өзгөртүлөбү? Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жообуБаалар бир жылда 11,1% өстү, экономика 10,5%га өстү: 10 айдын жыйынтыгы
Таласта энергетиктер көзү өтүп кеткен жарандын карызын кечпей жатат
01.12.2023 | 09:42
Таласта энергетиктер жарандардын электр жарыгына акыны төлөгөндүгүнө карабай карызын жойбой жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Талас облусунда эл менен жолугушуусунда айтылды.
Анда жергиликтүү тургун карыз эсептери жокко чыгарылбай жатканына даттанды. Анын айтымында, каза болгон жаранга дагы электр энергиясы үчүн эсеп чыгарып берип жатышат.
“Ал кишинин каза болгонуна көп убакыт болгон. Өлгөн адам кантип электрдин карызын төлөмөк эле? Карызы калганы аз келгенсип, туумдар да кошулуп жатат”, – деди ал.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Талант Эдилев жергиликтүү органдар аталган арызды карай турганын, мыйзамга ылайык мындай учурда карызды жоюу керектигин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом