Өзбекстандык инвесторлор Ноокенге 31 млн долларга ишкана салат

Өзбекстандык инвесторлор Ноокенге 31 млн долларга ишкана салат

Жалал-Абаддын Ноокен районунда ири текстиль фабрикасынын курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев ишкананы сала турган инвесторлор менен жолуккан. Жолугушууда Ноокендин акимчилиги коңшу Өзбекстандын Наманган облусундагы Art Soft Holding жана SASSA GROUP компаниялары менен үч тараптуу келишимге кол койгон.

Белгилүү болгондой, ишкана Ноокендин Арал айылында салынат. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер ажыратылып берилген.

Фабриканын курулушу декабрь айында башталып, 2024-жылдын соңуна чейин аяктайт деп пландалууда. Курулушка жалпы 31 млн доллар кетет деп эсептелген. Ишкана салынгандан кийин анда миңден ашык киши иштейт деп каралган.

Текстиль фабрикасында пахтадан кездеме жана даяр продукция чыгарылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>