Таласта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

Таласта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

10-ноябрь күнү Таласта 33 жаштагы адамдын жансыз денеси каналдан табылды. Облустук милициянын маалыматына караганда, маркумдун бетинде жана башында жаракаттын белгилери болгон.

“Эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүлүп, маркумдун көзү көкала, мурдунун үстү, жаагы сынып,чекеси ачык, баш сөөгүнүн сол тарабы жабык сынгандыгы аныкталган”, – деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум 1987-жылы туулган М.А. экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары улантылып,  анын өлүмүнүн себептери такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>