БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Таласта мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды – видео
15.11.2022 | 10:06
Талас облусунун Талас районунда 10-ноябрда канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекеттик инспекторлор тарабынан кармалганга чейин аталган жаран бир чилди атып, аны жана куралын катканга жетишкен. Бирок инспекторлор олжолонгон чил менен ок атуучу куралды табышкан.
Жыйынтыгында жеринде протокол түзүлүп, мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга 15 миң сом айып салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом