Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кеңешме өттү
15.11.2022 | 10:24
Дүйшөмбү шаарында 14-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, делегациялардын отуруму УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өткөн.
Отурумдун жыйынтыгы менен тиешелүү протоколго кол коюлган. Тараптар кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашкан.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом