Ыш баскан Бишкек: 16 жаштагы Сауле экология маселесин көтөрдү

Ыш баскан Бишкек: 16 жаштагы Сауле экология маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 14-ноябрындагы жыйынында Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Балдар күнүнө арналган иш-чарага чакыруу алган Сауле Нарынбаева баяндама жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16 жаштагы өспүрүм Бишкек шаарындагы таштанды көйгөйүнө токтолуп, калаанын экологиясын коргоо жаатындагы пикири менен бөлүштү.

“Борборубуздун түндүк тарабында жайгашкан таштанды төгүүчү жай көп жылдан бери ошол аймактагы конуш тургундарынын саламаттыгына коркунуч туудуруп келет. Айрыкча, Калыс-Ордо конушунун жашоочусу катары көйгөйдүн кесепети өтө кооптуу экенин жакшы билем. Анткени, дүкөнгө 5-10 минут барып келгенче эле, кийимибиз ыш жыттанып калат. Андыктан түтүнү токтобогон полигонго көңүл буруп, таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы тездетип куруубуз кажет. Бул экологияны коргоого гана өбөлгө түзбөстөн, жарандарды жумуш менен камсыздоого да көмөкчү болот”,– деди Сауле Нарынбаева.

Муну менен катар өзү ишке ашырган долбоорлор тууралуу сөз кылып, пластик бөтөлкөлөрдү чогулткан балык формасындагы челектерди Калыс-Ордо конушунун көчөлөрүнө койдурганын маалымдады.

“Балыгыбыз ток, көчөбүз таза” аталышындагы долбоорум аркылуу жарандарды, айрыкча жаштарды таштандыны сорттоо маданиятына үйрөтүүнү көздөгөм”, – деген өспүрүмгө эл аралык уюмдар колдоо көрсөткөн.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева Сауле Нарынбаева көтөргөн көйгөй олуттуу экенин баса белгилеп, өспүрүм экенине карабай өлкөдөгү маанилүү маселени чечүүгө кылган далалаты үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ийгиликтерди каалап, Жогорку Кеңештин тармактык комитети дайыма балдардын пикирин угууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйынга эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>