Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Таласта меринос коюу көбөйтүлүүдө
03.06.2025 | 15:37
Талас облусунун Молдо Асан айылындагы М.Лущиков атындагы кой чарбасына Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Россиядан 100 баш меринос кой алынып келинүүдө.
Учурда чарбада бул тукумдагы 6000 кой (январь айында 5000 болгон) бар. Ар бир койдон 4—7 килограммдан жогорку сапаттагы жун 64—70 процентке чейин кыркылып алынат.
Жумшактыгы, уяңдыгы менен белгилүү болгон меринос жүнүнүн килограммы 200-250 сомдон жүн бирикмесине сатылат.
Меринос койлору Кыргызстандын климатына жакшы ыңгайлашып, тез өсүп, тез семирет. Чарбада жүгөрү өстүрүлүп, малдар үчүн силос даярдалат.
Рубрики: Жаңылыктар