Таласта окуучу балдарды тасмага тартып сабагандар боюнча иликтөө жүрүүдө

Таласта окуучу балдарды тасмага тартып сабагандар боюнча иликтөө жүрүүдө

Таласта окуучу балдарды тасмага тартып сабагандар боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, видеодогу балдардын аты-жөнү такталып окуянын качан болгону белгилүү болгон. Эки  окуя тең Талас шаарында орун алган.  Анда Талас районунун Козучак айылынын М.Мамбетов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Талас шаарынын  2003-ж.т.тургуну К. Н. аттуу баланы уруп тасмага тарткан окуя  6-декабрда болгондугу аныкталган. Ал эми экинчи окуяда Талас шаарынын   № 3 орто мектебинин 9-классынын окуучусу 2005-жылы төрөлгөн  С. А. аттуу баланы урганы белгилүү болуп, окуя 10-декабрь күнү болгону аныкталган.

Бул эки факты тең укук коргоо кызматкерлери тарабынан каттоого алынган.

Бул окуялар  боюнча  топ балдардын мушташы аныкталган эмес. Ошондой эле сабалган балдардын экөөнөн тең арыз даттануулар болгон эмес.

Эки видеонун бири бирине байланышы жок.
Мындан тышкары социалдык тармакта тарап жаткан Талас шаарынын Поворот жана Центрдин жаш балдарынын урушу болот деген маалымат тастыкталган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетке Талас шаарындагы «Центр» жана «Поворот» аттуу өспүрүм балдардын топторунун ортосунда жаңжал жүрүп жаткандыгы, тасмада сабалган балдар бул эки топтун мүчөлөрү экендиги айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>