Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды

Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды

Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-июнь кечке жуук Чоң-Түз жайлоосунда 2 жашар бала ойноп жүрүп чоң сууга кулап, агып кеткен. Бул тууралуу милицияга кабар берилип, издөө иштерине жалпы 100го жакын кызматкер тартылган.

Милиция, ӨКМ, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана баланын туугандары 2 күн издөө иштерин жүргүзгөн.

Бүгүн, 20-июнда атайын техниканын жардамы менен сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайганда 2 жашар баланын сөөгү ташка кыпчылып калган жеринен табылган. Суу баланын сөөгүн 2-3 чакырым жерге чейин агызып кеткен.

Наристенин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>