Таласта сууга чөккөн баланы 10 күн издеп натыйжа чыккан жок

Таласта сууга чөккөн баланы 10 күн издеп натыйжа чыккан жок

Талас облусунда сууга чөккөн 2 жашар баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрелде саат 17:00 чамасында Талас дарыясына түшүп кеткен 2019-жылы туулган А.Р. аттуу баланы издөө иштери токтулду.

Баланын атасы министрликтин Талас областтык башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөнүн, куткаруучулар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкенин билдирген.

Бүгүн, 22-апрелде наристенин ата-энеси тил кат жазып издөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>