Амазон жунглисинде түпкүлүгү танар элинин акыркы өкүлүнүн өлүгү табылган. Бразилиялык маалымат каражаттары аны «аңдан чыккан адам» деп да аташкан. Анткени, ал артында терең аң калтырган, аларга аңчылык тузактарды коюп жүргөн.
Рондония штатынын бийликтери өлүмдүн себебин айтышкан жок, бирок зомбулуктун же күрөштүн белгилери жок экенин айтышты.
Акыркы 26 жыл ичинде индеец жалгыз жашап келген. Анын калган уруусу жергиликтүү отунчулар менен жер ээлеринин колунан өлгөн.