Таркович: Команданын жетишкендигин кыргыз элине арнайбыз

Таркович: Команданын жетишкендигин кыргыз элине арнайбыз

Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогуна өтүп, дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыккан жетишкендигин кыргыз элине жана бардык күйөрмандарына арнайт. Бул тууралуу кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович билдирди.

Таркович курамага күйөрмандык кылып, колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.

«Команда бул жетишкендигин кураманын бардык күйөрмандарына, кыргыз элине арнайт. Биз (тандоо оюндарынын – ред.) кийинки баскычка чыкканыбызды үйүбүздө майрамдагыбыз келген. Бирок буга чейинки оюнда аны жасай албадык. Командага күйөрмандык кылып, колдоо көрсөткөңдөрдүн баарына ыраазычылык билдирем.

Беттеш тууралуу айтсам, эки команда жакшы оюн көрсөттү. Климатка карабай, беттеш кызуу өттү. Мен өзүмдүн командам жана ар бир оюнчу менен сыймыктанам. Бүгүнкү беттештин жыйынтыгы мыйзам ченемдүү болду. Себеби курамалар тең тайлаш оюн көрсөттү»,— деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курамасы өз тарыхында алгач ирет дүйнө чемпионатынын үчүнчү баскычына чыгып, ошондой эле Азия кубогунун финалына үчүнчү ирет өтө алды.

Сүйүнчү! Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогуна чыкты

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>