Таш-Көмүрдүн тургуну атасынын ашына деген акчага мечитти оңдотуп берди

Таш-Көмүрдүн тургуну атасынын ашына деген акчага мечитти оңдотуп берди

Таш-Көмүрдүн тургуну  атасынын ашына деген акчага мечитти оңдотуп берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын тургундары, Койчумановдордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштаган.

“Таш-Көмүр шаарынын хатибияты КМДБнын маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча чыккан фатвасынын негизинде, жергиликтүү элге ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө чакырып келет.

Натыйжада калк арасында түшүнүү менен кабыл алып, Кызыл-Алма айылында жашаган Койчумановтордун үй-бүлөсү мындан бир жыл мурун көзү өткөн атасына жылдык өткөрүү үчүн жумшала турган каражатты айылда жайгашкан “Азирети Али” мечитинин ички жасалгасына жумшап, сообун атасынын арбагына багыштады.

Тактап айтканда бул үй-бүлө мүчөлөрү мечитке 50 000 сом акча которуп беришти”, — деп айтылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 41074,41073″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>