Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты
30.11.2023 | 16:30
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткендеги аткезчиликти толугу менен токтотуу тапшырмасы берилди.
Камчыбек Ташиев сот органдарындагы коррупция менен күрөштү дагы күчөтүүнү буйруду.
Белгилей кетсек, бүгүн эле УКМК Лейлек районунун аймагынан 2 милллион сомго жакын контрабандалык жүктү кармаган.
Кыргызстан 2021-жылдын май айында Тажикстан менен чек арасын жапкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом