Салык кызматы митингге чыккан 3 базардын соодагерлери менен сүйлөшүүдө

Салык кызматы митингге чыккан 3 базардын соодагерлери менен сүйлөшүүдө

Мамлекеттик салык кызматы митингге чыккан Бишкектеги «Дордой», «Мадина» жана «Орто-Сай» базарынын соодагерлери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге мекемеден билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн үч базардын ишкерлери иш таштап, салык тармагындагы өзгөрүүлөргө нараазычылыгын билдиришти.

«Дордойдун» соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, «Мадина», «Орто-Сай» соода түйүндөрүнүн ишкерлери контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын айтышты.

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл. Өлкөдө патент менен ишкердик кылгандардын 69 түрү бар.

Бирдиктүү салык тартибине ылайык жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, салыктан бошотулат. 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>