Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек араны такташып, макулдашканын билдирди (видео)
04.12.2024 | 16:01
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы кыргыз-тажик чек арасын такташып, макулдашты. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал бул күндү тарыхий күн деп атады.
“Эми юридикалык жактан жоболоштуруу жана парламенттерден ратификациядан өткөрүү маселелери турат. Андан кийин президенттер кол коет. Бир нече айдан кийин чек ара маселеси толугу менен чечилет деп ойлойм”, – деди ал.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом