Ташиев Матраимовдон алынган кыймылсыз мүлктөр кайда бөлүштүрүлөрүн айтты

Ташиев Матраимовдон алынган кыймылсыз мүлктөр кайда бөлүштүрүлөрүн айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген кыймылсыз мүлктөрдү кайда бөлүштүрөрүн билдирди.

Ташиевдин айтымында, Матраимов 2 миллиард сом өлчөмүндө келтирилген чыгымды толугу менен төлөп берген. Ал 1 миллиард 400 миллион накталай акча, 600 миллион сомго бааланган кыймылсыз мүлктөрдү которгон.

«Соода борборун мамлекетке өткөрүп беребиз, ал дагы киреше алып келет. Ал эми тогуз батир Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине бөлүштүрүлөт. Аянты 250 — 280 кВ / м болгон бир чоң батир бар, ал жерде табигый шартта кызматкер жашай албайт, биз аны балдар үйүнө беребиз», — деп жыйынтыктады Ташиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>