Ташиев менен жолуккан Матраимовдун өкүл баласы маалымат берди – видео

Ташиев менен жолуккан Матраимовдун өкүл баласы маалымат берди – видео

Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуусу боюнча маалымат берди.

Сайпидиновдун билдирүүсүнө караганда, жолугушуу учурунда УКМК жетекчиси айыл өкмөт башчынын арыз-арманын угуп, аны териштирүү боюнча кызматкерлерге тиешелүү тапшырмаларды берген.

“Келип текшеришсин, мени карашсын. Бизди ар эки жылда эсептөө палатасы текшерет, ар эки жылда башкы прокуратуранын пландык текшерүүсү бар”, – деген Сайпидинов.

Белгилей кетсек, буга чеийн УКМК Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Андан кийин айыл өкмөт башчылары видео кайрылуу жарыялашып, бул көрүнүштү куугунтук катары баалашкан.

Куугунтукка кабылганын эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. Алардын бири Мунарбек Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>