Ташиев: Раим Матраимов 2 млрд сомду өлкөгө толук төлөп бүттү

Ташиев: Раим Матраимов 2 млрд сомду өлкөгө толук төлөп бүттү

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын 2 миллиард сомун толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, комитет кыска убакыттын ичинде эбегейсиз зор жумуштарды жүргүздү.

«Анын иши сотко өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө ал 1 миллиард 400 миллион нак акча, 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк түрүндө которду — бул тогуз батир жана бир соода борбору », — деди Ташиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>