БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Ташиев Тажикстандын коопсуздук кызматынын башчысы менен кайра жолукту
12.12.2023 | 15:22
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын коопсуздук кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, генералдар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү дагы белгиленет.
Камчыбек Ташиевдин бул Саймумин Ятимов менен декабрь айындагы экинчи жолугушуусу. Алар 1-декабрда эле сүйлөшүү жүргүзүп, Ворух – Кожалы жолу жана эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан аймактагы мүлктөрү боюнча чечим кабыл алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом