«Умра — подиум эмес». Элечек менен Каабаны айланам деген Жамгырчиева сынга кабылды

«Умра — подиум эмес». Элечек менен Каабаны айланам деген Жамгырчиева сынга кабылды

Сауд Арабиянын Мадина шаарында умра сапарында жүргөн алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын билдирүүсүү сынга кабылды.

Анын айтымында, атайын топ дин менен кыргыздын улуттук кийимдеринин карама-каршылыгы жоктугун көрсөтүү үчүн келишкен. Алар кыргыз элечеги менен Меккедеги Каабаны айлануу ниетин дагы көздөшөт.

«Элечекти негизи күйөөгө тийген аялдар кийет. Мен аны модель катары кийип турам. Биз өзүбүздүн улуттук кийимдер менен эле ушундай ыйык жерлерге келе алабыз. Кыргыздын улуттук кийимдери эч качан динге каршы келген эмес, тескеринче, экөө дайым айкалышып турган. Бизге бүгүн өзгөчө миссия жүктөлүп турат», — дейт Айзада Жамгырчиева

Жамгырчиеванын бул аракетин сынга алынып, анын баракчасына «Мекке — мода көргөзмөсү эмес», «элечекти эми чечпей кийип жүр», «умрага улуттук кийимди жарнамалоо үчүн эмес, зыярат кылганы барышат», «арабтар силердин бул мекенчилдигиңерди баалабайт», «хиджаб арабтардын эле эмес жалпы мусулмандардын кийими», — деп жазышууда

Ырчы Анжелика Кайратова «модель болуп Каабаны айлануу менен бирге умраны дагы толук жаса» деп кеңешин берди.

«Жоолукчан айымдар жоолугун чечпей кийгендей эле, силер дагы чечпесенер, анда чогуу элечекчен жүрөбүз», — деди Анжелика Кайратова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>