Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды.
Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде Chevrolet Cobalt, Sunray ESC жана JAC 4WD үлгүсүндөгү унаалар, тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү.
Автоунаа тапшыруу аземине Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Марлис Асанов, ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери жана өздүк куармы катышты.
Камчыбек Ташиев сөзүндө милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу зарылдыгын эскертти. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланаарын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз