Ташиев: Жалил Атамбаевдин ушундай учурда чоң той өткөргөнү элдин бетине түкүргөнү

Ташиев: Жалил Атамбаевдин ушундай учурда чоң той өткөргөнү элдин бетине түкүргөнү

Жалил Атамбаевдин ушундай учурда чоң той өткөргөнү элдин бетине түкүргөнү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Ал эл пандемиядан кыйналып жатканда Атамбаевдин минтип той бергени туура эмес дейт.

“Мамлекет ушундай оор абалда турганда, коомчулукту пандемия каптап жатканда, элдин жашоосу кыйын болуп турганда Жалил Атамбаев эмне кылып жатат миңдеген адамдарды топтоп алып той берип жатат. Биз ойлойбуз бул элдин коомчулуктун бетине түкүргөнү. Эгер бул адамдын көп байлыгы болсо берсин элге мамлекетке. Тоюнда 3-4 автоунаа байгеге коюп минтип той өткөргөнү элди тоготпогондук. Бирок мындай кийин мындайга жол бербейбиз. Баласы бизде иштейт экен аны эми үйлөнгөнүң үчун деп жумуштан кетирип жиберген болбойт. Бирок жаза катары ага катуу сөгүш берилди. Эми ал бала атасынын кылганынан улам жакынкы жылдары кызматтык тепкичтерде көтөрүлө албайт. Бул башка байларга да сабак болсун. Тойлор болуш керек бирок моралдык жагын да карашыбыз керек да”, — дейт Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>