Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Тазабек Икрамовдун ЖКдагы ордуна 2 талапкер ат салышып жатат
21.08.2024 | 11:41
№13 Сузак шайлоо округу боюнча депутаттыкка Алтынбек Кылычбаев жана Жыргалбек Сейдакматов ат салышат. Бул тууралуу Боршайком билдирди.
Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директордун орун басары болуп иштейт. Ал эми Жыргалбек Сейдакматов – Багыш айылдык кеңешинин төрагасы.
Добуш берүү 22-сентябрда өтөт.
Бул округтан шайланган Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылгандан кийин мандатын тапшырды. Ал акыркы жылдары медиа өкүлдөрүнө жасалган кысымга каршы пикирин билдирип келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат