Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
УКМК: Экс-депутат Кеминдеги 353,3 гектар жерди жеке менчикке чыгарып кеткен
21.08.2024 | 12:09
Чүй облусунда баасы 4 млрд сомдон ашкан өнөр жай багытындагы жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, М.Н.К. аттуу экс-депутат Кеминдеги 353,3 гектар жерди тааныш-билиш компаниялары аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени аныкталган. Натыйжада баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сом болгон жер мамлекетке кайтарылды.
Өздүк булактар Reporter.kg’ге сөз болуп жаткан депутат маркум Макеев Нурланбек Кадыкеевич экенин билдирди. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты 2018-жылы көз жумган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом