Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашев кызматтан кетти. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымдарына караганда, Сарпашев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Ал эми учурда анын милдетин Дыйканбаев А. аткарып жатат. Бүгүн түшкө чейин аталган мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракееванын да иштен кеткени кабарланган.