Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык кызматынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев кызматтан кеткени боюнча Reporter.kg’ге “биз жөн гана карып калдык” деп тамашага салып жооп берди.
Ошондой эле мындан кийинки кадамдары, кайсы тармакта иш кылаары туурасында ооз ачкысы келбегенин кошумчалады.
Бүгүн анын өз каалоосу менен кызматтан кеткенин мэрия шардана кылган.