Элчи Шер-Нияз самокаттан кийинки сындарга жооп берди

Элчи Шер-Нияз самокаттан кийинки сындарга жооп берди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз өзүнүн фейсбуктагы баракчасына системага эмес самокаттын өзүнө көңүл бөлүнүп кеткенин жазды.

Ошондой эле “самокат хайп болуп кетиптир. Көбүнесе самокаттын өзүнө көңүл бурулуптур. Негизгиси ушундай система бизге да керек деген ой чаңга басылып калыптыр. Анткени бизде ушундай системаларды киргизе баштасак эбегейсиз экономикага пайда келер беле”- деп суроо салган.

Мындан тышкары “самокат тээп эле жыргап жүрө бербей” деген сын ой да жок эмес. Түшүнөм элдин салыгынын эсебинен иштеп жатабыз. Аны күн сайын ойлонуудамын. Атайы Парижге Кыргызстандын эсебинен келгенден кийин иштеш керек, идея керек, жаңы жолдор керек. Акырындап жарыялай баштайбыз» деген.

Буга чейин Париждин көчөлөрүндө самокат тепкенди үйрөнүп жатканы боюнча видео жүктөгөн болчу. Ал социалдык тармактарда талкууга калган.

Элчи Садык Шер-Нияз Парижде самокат тепкенди үйрөнүп жатат (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>