«Тазалыктын» жоопту кызматкерлери мамлекетке 7,1 млн сом зыян келтирген

«Тазалыктын» жоопту кызматкерлери мамлекетке 7,1 млн сом зыян келтирген

Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» ишканасында мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, ишкананын жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, күйүүчү майды өз кызыкчылыгына колдонгон деп шектелүүдө. Алар айрым кызматкерлер менен «жеке унаасын жумуш үчүн колдонуп жатат» деген келишим түзүп, документ боюнча аларга күйүүчү май беримиш болушкан. Иш жүзүндө аны өз кызыкчылыктарында пайдаланышкан. Мыйзам бузуу 2022-2024-жылдары болгон. Ал аралыкта алар 134,2 тонна күйүүчү майды «жок кылып», бюджетке 7 млн 179,4 миң сом зыян келтирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>