Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстандын бир жаранын кармап кетти. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип «Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 26-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылынын 1995-жылы туулган туругуну М.О.Б. Арка айылынан Тажикстандын Жигдали айылына жумуштары менен бара жаткан. Ошол учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандын жараны М.О.Б.ны кармап, Худжант шаарына алып кетишкендиги белгилүү болду.