Тажикстан базарларында азык-түлүк кескин кымбаттады

Тажикстан базарларында азык-түлүк кескин кымбаттады

Тажикстан базарларында эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттады.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбаганын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.

Бирок бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүштү.

Соңку маалымат боюнча Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңден ашуун адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>