Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 2,7 млн доллар мамлекетке алынды

14.11.2022 | 17:26

Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар мамлекеттин эсебине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 15-октябрда Кара-Бак айылында 41 жаштагы Т.А. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү, мурда Кылмыш кодексинин 239-беренеси (“Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү”) боюнча соттолгон) аттуу кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет табылган. Ал таңгактарда Тажикстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар акча болгон.

Бул факты боюнча 16-октябрда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

“10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын К.Р., К.Н., К.К., С.Ж., Б.Е. жана Т.А. аттуу жарандары Кылмыш кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле 2 млн 750 миң доллар (227 млн 186,8 миң сом) мамлекетке чегерилген”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 164613,164614,164615,164616″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Баткен: Тажикстандан 2,7 млн доллар ташып келаткандар кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top