Кар жаайт. Үч күнгө карата аба ырайы

Кар жаайт. Үч күнгө карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги 17-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы нормадан бир градус төмөн болсо, жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Чүй облусу

14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаашы күтүлөт.

17-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бишкек шаары

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-16-ноябрларда ала булут каптап турат, бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн.

17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

Талас облусу

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда күндүз жана 16-17-ноябрларда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош облусу

16-17-ноябрь күндөрү  түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

15-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-ноябрда тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Баткен облусу

16-17-ноябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-ноябрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

14-16-ноябрларда жана 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-ноябрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-19-ноябрларда  түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүчтөт, Чүй, Талан облустарында жаан болот.

19-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурысы бир аз төмөндөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>