Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 2,7 млн доллар мамлекетке алынды

Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 2,7 млн доллар мамлекетке алынды

Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар мамлекеттин эсебине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 15-октябрда Кара-Бак айылында 41 жаштагы Т.А. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү, мурда Кылмыш кодексинин 239-беренеси («Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү») боюнча соттолгон) аттуу кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет табылган. Ал таңгактарда Тажикстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар акча болгон.

Бул факты боюнча 16-октябрда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

«10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын К.Р., К.Н., К.К., С.Ж., Б.Е. жана Т.А. аттуу жарандары Кылмыш кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле 2 млн 750 миң доллар (227 млн 186,8 миң сом) мамлекетке чегерилген», — деп айтылат маалыматта.

Баткен: Тажикстандан 2,7 млн доллар ташып келаткандар кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>