Баткен: Тажикстандан 2,7 млн доллар ташып келаткандар кармалды (видео)

Баткен: Тажикстандан 2,7 млн доллар ташып келаткандар кармалды (видео)

Баткен облусунда Тажикстандан аткезчилик жол менен 2 млн 750 миң долларды Кыргызстанга ташып өтүүгө шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Кара-Бак айылында 41 жаштагы Т.А. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү) аттуу кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет табылган. Ал таңгактарда Тажикстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар акча болгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын 4 жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>