Баткенден Тажикстанга тоок филесин жүктөп бараткан жаран кармалды

19.11.2022 | 16:15

Баткенде тоок филесин аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Лейлек районунун Арка айылынын чек ара тилкесинде филе түрүндөгү аткезчилик жүктөрдү ташып бараткан Лейлек районунун Достук айылынын 1989-жылы туулган тургуну Х.Ж.Б. «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кармалган.

Тактап айтканда, УКМКнын кызматкерлеринин транспортту токтотуу талабына баш ийбей, «Худжент-Арка» унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстанды көздөй бет алган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын 15-ноябрында Ж.Х. эки суткага Баткен РИИбдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top