Жаңы жылда 8 күн катары менен эс алуу күндөрү кылуу сунушталды

Жаңы жылда 8 күн катары менен эс алуу күндөрү кылуу сунушталды

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги “2023-жылга майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Документ дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында иштелип чыкканы айтылат.

Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлерине узак мөөнөттүү эс алуу күндөрүн белгилөө сунушталат:

Жаны жылдык майрамын утурлай эс алуу күндөрүн төмөндөгүдөй кылуу сунушталууда:

— 1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнү болот

— Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы эс алуу 3-январга которулат

— 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот

— 5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат

— 6-январдын ордуна -25-март (ишемби) жумуш күн

— 7,8-январь —ишемби жана жекшемби.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>